Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
Иранга Улуттар уюму уран байытууну токтотуу үчүн берген мөөнөт 28 апрелде аяктамакчы. Бул күнү МАГАТЭ уюму Иран ошол талапты кандай аткарганы боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешине маалымат бериши керек.
Иран өз кезегинде программасы тынчтык максатта гана көздөөрүнө негиздеп, мындай чакырыктарга көнүүдөн баш тартып келүүдө.
Ал эми АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс кечээ Вашингтон Иран өзөктүк куралды өнктүрүүнү токтотуусу үчүн ага каршы саясий, экономикалык жана башка чараларды колдонорун айтты.
Мунун аралыгында кечээ Москвада Евробиримдиктин үч өлкөсү: Германия, Франция, Британиянын расмий өкүлдөрү Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча Жогорку кеңешинин катчысы Жавад Ваиди баштаган делегация менен жолуккан соң сүйлөшүүлөрдө кичине жылыш бар экени кабарланды.