Непалда элдик жеңиш майрамдалууда

Непалдын борбору Катманду шаарынын көчөлөрүнө кечээ күнү миңдеген адам чыгып, элдик жеңишти майрамдады. Бир нече аптага уланган элдик толкундоолордон кийин падыша Гянендра 24-апрелде - өлкөдө кайрадан парламент жана өкмөт түзүлөт деп жарыялады. 2002-жылы падыша аларды таратып жиберген. Анткен менен айрым саясий топтор падышанын өлкөдөн чыгып кетишин да талап кылууда.