Иран жетекчилиги башка мамлекеттерге өзөктүк технология беребиз деп коркутууда

АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс кечээ күнү Анкара шаарынан сүйлөп, өзөктүк технология менен Иран башка мамлекеттер менен бөлүшүүгө даяр экени тууралуу Вашингтон өтө тычсызданат деп билдирди. Анын алдында кечээ күнү Ирандын руханий жетекчиси аятолла Али Хаменеи Тегеран шаарында Судандын президенти Омар Хасан ал-Башир менен жолукканда, өзүндөгү атом технологияларын Иран башка мамлекеттерге берүүгө даяр деп айткан.