Беш миң милиция кызматкери тартип коргоого тартылды

Ички иштер министри Мурат Суталиновдун билдирүүсүнө караганда, 29-апрелдеги митинг учурунда коопсуздукту камсыз кылууга 5 миң милиция кызматкерлери тартылды. Ал эми 400дөй милиция аял минигчилерди гүл менен жол четинде тосуп алды. Бишкек шаардык милициянын башчысы Молдомуса Конгантиевдин билдирүүсүнө караганда, шаардык милиция ишемби күнү кечинде борбордун көчөлөрүндө кайтарууну күчөтөт жана мыйзам бузуу фактыларына катуу чараларды көрөт.


Айданбек Акмат уулу, Бишкек