Бул тууралуу АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс эскертти. "Эгер БУУнун Коопсуздук Кеңеши чукул чара көрбөсө, Вашингтон жана анын союздаштары карап отурбайт" деди ал. Бирок катчы алар кандай чара көрөөрүнө токтолгон жок. Кошмо Штаттары Иранды ядролук курал жасап жатат деп күнөөлөп келет.