"Азаттыктын" Оштогу кабарчысынын агасын сабап кетишти

БИШКЕК. «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Кубанычбек Жолдошевдин бир тууган агасы Талантты милиция кийимчен эки адам инисинин журналисттик ишмердигине байланыштуу сабап кетишти. Окуя кечээ кечки тогуздарда Ош шаарындагы Жибек комбинаты тарапта болгон. Жабырлануучунун айтымында, алар алгач документ талап кылышып, иниси Кубанычбек Жолдошевдин туура эмес маалымат берип жатканын, агасы аркылуу эскертип койгулары келишкенин айтышкан. Ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Суваналиев бул ишти жеке көзөмөлүнө алганын, окуяны милициянын өздүк коопсуздук кызматы териштирип жатканын билдирди. Жапа чеккен Талант Жолдошевдин саламаттыгы жакшырып калды.