Иракта дагы адам өлүмү

Ирактын Тикрит шаарында жанкечтинин бомбасынан үч аскери набыт болду.Багдадда болсо жол көбөөлүнө көмүлгөн минадан бир полицмен мерт кетти. Дагы бир шаарда козголоңчулар жергиликтүү жети кишини, алардын ичинде үч полицменди барымтага кармап кетишти. Басрада британдык аскерлердин тикучмасы турак-жай имаратынын үстүнө кулап түштү. Окуя эмнеден болгону такталып жатат.