Беларуста дагы бир оппозиция лидери камакка алынды

Беларуста опозициялык Бириккен жарандык партиянын лидери Анатолий Лебедько камакка алынды. Ал милиция тарабынан санкцияланбаган митинг учурунда кармалган. Беларуста учурда дагы эки оппозициялык лидер - президенттикке талаперлигин көрсөткөн Александр Милинкевич жана Александр Козулин камакта отурушат.

Эсенбай Нурушев, Прага