Майлысууда үгүт иштери аяктады

БИШКЕК. Бүгүн №23-Майлысуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайлоо боюнча жүргүзүлүп жаткан үгүт иштери соңуна чыкты. 14-майда өтөрү күтүлүп жаткан шайлоодо он талапкер ат салышаары күтүлүүдө. Депутаттык орун мурдагы депутат Камбаралы Конгантиевдин башкы прокурордук кызматка кеткендигине байланыштуу бошогон.

Бурулкан Сарыгулова, Бишкек

Редактору Бакыт Орунбеков