Майлысууда эки талапкер алдыга чыкты

БИШКЕК. Кечээ Майлысуу округу боюнча парламенттик шайлоо болуп, ага шайлоочулардын 60 пайызы катышты. Ушул сааттарда Майлысуу округдук комиссиясы бюллетендерди санап аткан кези. Алдын ала маалыматтарга караганда, 10 талапкердин ичинен Эмилбек Узакбаев менен Акылбек Арстанбеков алдыда келатат. Шайлоо кодексине ылайык экинчи айлампада добуш берүү эки жумадан кийинки убакытка белгилениши керек.