БШК Нооманжан Аркабаевди ЖК депутаты деп тааныды

БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында Кадамжай округундагы парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен журналист Нооманжан Аркабаевди Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныды. Ушул сааттарда БШК Куршаб округундагы эки талапкердин ортосундагы талаштуу маселени кароодо.