Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчө-өлкөлөрү жана Германия Лондондо өткөн жыйында Иран маселеси боюнча азырынча орток пикирге келишкен жок. Бирок, АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жана Британиянын өкүлү Жон Соер Иран кризисин чечүү боюнча жылыштар болду деген пикирин билдиришти.