Улуттук гвардиянын жаңы башчысы дайындалды

Президенттин жардыгы менен Улуттук гвардиянын башчылыгына Асанбек Алымкожоев дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан бейшембиде кабарлашты. Буга чейин Улуттук гвардияны Султан Курманов жетектеп келген эле.