Жалалабат шаар бийлиги өзбек улуттук маданий борборуна митинг өткөрүүгө уруксат берген жок

БИШКЕК. Бүгүн Жалалабат шаарындагы борбордук аянтта куралдуу күчтөрдүн күнүнө арналган аскердик парад өтөөрү кабарланууда. Ушул эле күнү Жалалабаттагы өзбек улуттук маданий борбору облус борборунда өзбек тилине расмий макам берүү, мамлекеттик жана укук коргоо органдарына бул улуттун өкүлдөрүн тартуу талабы менен митинг өткөрөөрү күтүлүүдө. Бирок шаар бийлиги митинг өткөрүү тууралуу кайрылуу мыйзамда белгиленген мөөнөттөн кеч түшкөнүнө жана анда аталган маданий борбордун жетекчилигинин колу коюлбаганына негиздеп, митингге уруксат берүү өтүнүчүн канааттандырган жок. Бул тууралуу Жалалабаттагы кабарчыбыз кабарлады.