Рим папасы Бенекдит XVI Освенцимде болду

Рим папасы Бенекдит-16 Польшага болгон сапарынын аягында Освенцимдеги мурдагы концлагерь жайгашкан жерде болду. Ал концлагердеги азаптарды башынан өткөргөн 32 адам менен жолугуп, сүйлөштү. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда бул концлагерде 1,5 млнго жакын адам өлтүрүлгөн. Алардын көпчүлүгү жөөттөр болгон.


Азиза Турдуева, Прага