Израилдин премьер-министр Палестин автономиясынын жетекчиси менен жолугат

Израильдин премьер-министри Эхуд Ольмерт палестиндиктер менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү өзүнүн саясатындагы артыкчылык берилген багыттардын бири катары сыпаттады. Египеттеги иш-сапары учурунда Ольмерт ошондой эле жакын арада Палестин автономиясынын жетекчиси Махмуд Аббас менен жолугушаарын маалымдады.