БИШКЕК. Бул мыйзам коомдук телерадио түзүү максатын көздөйт. Депутат Каныбек Иманалиев иштеп чыккан бул мыйзамда улуттук телерадиокомпаниянын Улуттук кеңешин түзүү каралган. Улуттук кеңештин курамын президент, Жогорку Кеңеш жана жарандык коом теңме-тең түзүп, башкы директорду тараптар конкурстук жол менен ачык тандашат.