«Ушактоо» жана «кордоо» үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну жокко чыгарууну караган мыйзам долбоорун президент Курманбек Бакиев парламентке май айында жиберген. Бул тууралуу юстиция министри Марат Кайыпов 8-июнда билдирди. Анын айтымына караганда, долбоордо «Кылмыш жаза» кодексинен аталган беренелерди алып, аларды жарандык иш катары кароо сунушталууда. «Ушактоо» жана «кордоо» беренелери боюнча көбүнчө маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жоопко тартылып келет.