Иордания израиль-палестин сүйлөшүүлөрүндө ортомчу болууга даяр

Иордания израиль-палестин сүйлөшүүлөрүндө ортомчу болууга даяр. Бул тууралуу Иорданиянын королу Абдалла Оманда Израильдин премьер-министри менен болгон жолугушуусунан кийин билдирди. Башка араб өлкөлөрүнүн башчыларындай эле, Иорданиянын жетекчиси да Израильди палестиндер менен чегарасын бир тараптуу аныктоодон оолак болууга чакырган.

Азиза Турдуева, Прага