Терроризмди каржылоого каршы аракеттер жөнүндөгү мыйзамдолбоору дагы бышыктап иштелүүгө тийиш

БИШКЕК. Жогорку Кеңеш бүгүнкү сессиясында «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу аркылуу келген кирешелерди адалдоого каршы аракеттер жөнүндөгү» мыйзам долбоорун карап, комитетте кошумча иштөөгө кайтарды. Талаш негизинен каржылык чалгындоо кызматы көзөмөлгө алууга милдеттүү болгон каражат суммасынын төмөнкү өлчөмүнө байланыштуу болууда. Долбоорду колдобогон депутаттар тобу мыйзам кабыл алынса бизнести өнүктүрүүгө тоскоолдуктар болорун айтышууда. Улуттук Банк болсо мыйзамды кабыл албай коюу Кыргызстандын эл аралык карым-катышына олуттуу доо кетирет деп саноодо.