Босниялык серб Драган Зеленович Гаагадагы трибуналга өткөрүлүп берилди

Аскер кылмыштарында күнөөлөнүп келген босниялык серб Драган Зеленович Гаагадагы трибуналга өткөрүлүп берилди. Өткөн ишембиде аны Босниядан Гаага алып келишти. Зеленович 1992-95-жылдарда Боснияда болгон согуштун учурунда кылмыштарды жасаган деп күнөөлөнүүдө.