Президент Бакиевдин кийинки ырасмий сапары Казакстанга жасалат

БИШКЕК. Президент Казакстанга расмий сапар менен 5-6 июлда барат. Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенуловдун айтымында, мамлекет башчы алгач жакынкы коңшу мамлекеттерге барууну чечкен. Андан кийин президент Түркияга, Европа жана Араб өлкөлөрүнө барууну пландап жатат.