Жумушчу топ конституциянын жазылып бүткөн долбоорлору менен парламентти жана президентти тааныштырат

Президенттик, парламенттик жана аралаш бийлик системаларына ылайыкташтырылган Конституциянын долбоорлору жазылып бүткөндүгү тууралуу жумушчу топтун башчысы, Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров бүгүн парламентке маалымат берет. Бул тууралуу Азимбек Бекназаров «Азаттыкка» билдирди. Жумушчу топтун башчысы андан соң долбоорлоду президентке тапшырмакчы. 26-июндан тартып жумушчу топтун мүчөлөрү региондорго чыгып, он күн боюнча эл ичинде Конституциялык реформа боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.