Иран уран байытуу иштерин токтотпосо, санкциялар киргизилиши мүмкүн

Эгерде Иран өзөктүк программасын токтотпосо, ага карата санкциялар киргизилиши ыктымал. Бул тууралуу АКШ президенти Жорж Буш билдирди. Ал ошону менен бирге Тегеран уранды байытууну токтотсо гана Вашингтон аны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрү тууралуу дагы бир ирет эскертти.