Бүтүрүүчүлөр тапшырган тест сынагынын жыйынтыктары 22-июнда жарыяланат

АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги тарабынан колдоого алынган тест сынагы Кыргызстанда 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйылкы жылы бул сынакка 33 миң 338 улан-кыз катышты. Алардын ичинен 52 абитуриент эң жогорку балл алып, каалаган окуу жайына конкурссуз кирүүгө мүмкүнчүлүк алды.