( Аптанын маданий окуялары )
Аптанын шейшембисинде «Манас таануу жана көркөм маданият» улуттук борборунда кол жазмалар бөлүмүнүн ачылыш аземи болду. Ага Эл жазуучусу, элчи Чынгыз Айтматов баштаган бир катар маданият ишмерлери катышты. Кол жазмалар фондусуна Түрк эл аралык кызматташтык жана өнүгүү агентигинин колдоосу менен заманбап компьютерлер коюлуп, бөлмөлөрдү оңдоо иштери жүргүзүлгөн.
Бул жумада Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежисер Альгимантас Видугиристин 70 жылдык мааракеси белгиленди. Ага арналган иш-чаралардын алкагында режиссердун чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмөлөрү ачылып, анын колунан жаралган тасмалар көрсөтүлдү. Кечеде режиссерду кесиптештери куттуктап, жылуу пикирлерин билдиришти. Видугиристин тасмаларынын көпчүлүгү тоолуу жерлердеги турмушка байланыштуу тартылган. Алсак Токтогул ГЭСин куруу убагында тартылган «Коогалуу күндөрдүн жылы» жана «Нарын күндөлүгү» аттуу даректүү тасмалары. Мындан тышкары «Көз айнекчен», «Аялсыз эркек» жана атактуу «Кумдагы капка» аттуу дүйнөгө белгилүү фильмдери бар. Айта кетсек Видугирис мамлекеттик кинематографистер институтунун операторлук факультетин бүтүргөндөн кийин Москвадагы кино үйүнөн кыргыз тасмаларын көрүп андагы чагылдырылган элдин турмушу, салт-санаасы жана табиятына кызыгып, «Кыргызфильм» киностудиясында иштөөнү каалап, Алатоо аймагына сапар алган. Мына ошондон бери кыргыз жергесинде эмгектенип келет.
Шаршембиде Шанхай кызматташтык уюмунун мааракелик жыйынында концерт берүү максат менен барган “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли, “Ак марал” бийчилер тобу жана башка өнөрпоздор Кытайдан кайтып келишти. Салтанаттуу жыйында Кыргызстандан барган өнөрпоздор улуттук ыр, бий, күүлөрдөн турган концерттик программасын тартуулашкан. Салтанат жыйынтыкталган соң Курмангазы Азыкбаев жетектеген “Эне Сай” тобу жана башка артисттер Кытай элинин көрөрмандарына дагы эки күн концерт берип кайтышкан.
Бейшемби күнү спорт ордосунда өкмөттүк эмес уюмдардын көргөзмөсү ачылды. Аталган уюмдардын көпчүлүгү майып балдар менен иш алып барышкандыктан көргөзмөдө ал балдар тарткан сүрөттөр да коюлду. Мындай жарманке Бишкекте биринчи жолу өтүп жатканы менен Кыргызстандын башка аймактарында өткөрүлүп келген.
Белгилүү киноактриса, Эл артисти Айтурган Темирова “Аруузат” аттуу компак диск чыгарып, анын бет ачарын өткөрдү. Кыргыз композиторлорунун көмөгү менен Чехияда чыгарылган бул диск эки жарым миң тиражда чыккан, анын 40 пайызы гана Кыргызстанга алынып келген, ал эми калганы Европа өлкөлөрүнө сатылууда. Алдыда Эл артисти Айтурган Темирова кыргызстандык күйөрмандарына жеке концертин тартууламакчы.