Алматыда бүгүн жүздөгөн журналисттер демонстрация өткөрүштү

Алардын пикиринде президент колдогон маалымат каражаттары боюнча мыйзамды өзгөртүү сөз эркиндигин чектейт. Анын ичинде маалымат каражаттарын каттоодон өткөрүүнү кыйындатат жана сот тарабынан жабылган гезит-журналдардын редакторлоруна башка маалымат каражаттарында редактор болуп иштөөгө тыйуу салат.
Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму жана Кошмо Штаттары да бул өзгөртүүлөр Казакстанда сөз эркиндигинин артка чегинишин айгинелерин айтышкан.