Куршабдын Тузбел шайлоо участкасында добуш берүү маалында кагылыш чыкты

БИШКЕК. Куршаб шайлоо округунун Тузбел шайлоо участогундагы добуш берүү акырына чыкпай токтотулду. Буга депутаттыкка ат салышып жаткан Санжар Кадыралиев менен Мамат Орозбаевдин тарапкерлеринин ортосунда чыккан кагылышуу себеп болду. Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, тирешүү бири-бирин таш бараңга алуу, автоунааларды талкалоо өңдүү аракеттер менен коштолду. Таш бараңдан жабыркап, ооруканага жеткирилгендер бар деген да маалымат айтылууда. Мамат Орозбаевдин кичи мекени саналган бул участокто 830дан ашык шайлоочу расмий катталган. Мындан тышкары Санжар Кадыралиев өзү менен кошо 300 чамалаш өз жактоочуларын алып барган.