Алтын кендердин тагдырын президент чечет

Жерүй, Талдыбулак алтын кендеринин тагдырын чечүү сунушу менен президентке кайрылганын өкмөт башчы Феликс Кулов 26-июнда Жогорку Кеңеште билдирди. Жогорку Кеңеш кендерди чет өлкөлүк компанияларга тендерсиз берилишине каршы чыгып, атайын токтом кабыл алышкан. Бирок өкмөт тендер өткөрүүгө кендердин айланасында түзүлгөн юридикалык чатактар жол бербейт деген жүйөө менен, өз токтому менен Жерүй, Талдыбулакты чет өлкөлүк компанияларга берүүнү чечкен. Өкмөт менен Жогорку Кеңештин талашына Конституциянын кепили президент чекит коюш керек, деп белгиледи Феликс Кулов.