Парламент жаңы өкмөт мүчөлөрүн бекитүүгө макулдук берүү боюнча добуш берди

Бүгүн Жогорку Кеңеш Данияр Үсөновду биринчи вице-премьер-министр, Азим Исабековду айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри, Медетбек Керимкуловду Өнөр жай, соода жана туризм министри кылып бекитүүгө көпчүлүк добуш менен макулдук берди. Вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова парламентин колдоосун алалган жок. Бул талапкерлерди жогорку кызматка дайындоого Жогорку Кеңештин макулдугу президент тарабынан өткөн жумада расмий түрдө суралган эле.