Россиянын тышкы иштер министрлиги Россиянын Багдаддагы элчилигинин барымтага алынган төрт кызматкери өлтүрүлгөндүгүн ырастады. Федор Зайцев, Ринат Англиулин, Анатолий Смирнов жана Олег Федосеев Багдадда 3-июнда барымтага алынган. Козголоңчу уюм Россиянын өкмөтүнөн Чеченстандан аскерлерин алып чыгуу жана түрмөдөн чечендерди чыгаруу талаптарын койгон. Россиялык дипломаттардын өлтүрүлгөнүнө байланыштуу АКШ көңүл айтуусун билдирди.