АЕS компаниясы Кыргызстандын энергетика тармагына кызыгат

Бүгүн президент Курманбек Бакиев америкалык АЕS компаниясынын вице-президенти Дейл Перлди кабыл алды. Анда энергетика тармагында кызматташуу маселеси талкууланды. Америкалык компания Пакистанга электр линиясын тартуу ишине катышууга, бөлүштүргүч компанияларды концессияга алууга жана гидроэлектрстанцияларды курууга кызыгууда. Кыргыз тарап жолугушууда инвесторлордун баарына бирдей шарт түзүп берүүгө аракет жасаарын белгилеген. АЕS компаниясы Казакстан жана Украианын энергетика тармагында иштеп келатат.

Айданбек Акмат уулу