Президент өкмөттүн үч мүчөсүн өз жардыгы менен бекитти

БИШКЕК. Президенттин жардыгына ылайык Данияр Үсөнов биринчи вице премьер министр, Медетбек Керимкулов өнөр жай, соода жана туризм министри, Азим Исабеков айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри болуп дайындалды. Мындай жардыкты президент парламенттин 26-июнда берген макулдугунун негизинде чыгарды. Президент сунуш кылган төрт талапкердин ичинен вице премьер министрдикке сунушталган Ишенгүл Болжурованын талапкердигин депутаттар колдошкон эмес.