Мамлекеттик катчы ректорлорду шайлоо өнөктүгү жаштарга зыяндуу ишке айланды деп сынга алды

БИШКЕК. Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров ректорлорду шайлоо жамааттарды жек-жаатка бөлүп, жаштардын аң-сезимин бузуп жатат деп эсептейт. Ошондуктан, ректорду дайындоо жолун тандоону президентке сунуш кылууну көздөп жатат. Мындай пикирин мамкатчы Билим, илим жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясына катышып жатып билдирди.