Куршабдагы шайлоодон чыккан жаңжалды Боршайком чече алабы?

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы Куршаб жана Балыкчы округдарындагы шайлоо маселесин карайт. Куршабдагы шайлоо чыр-чатактар менен коштолуп, туюкка кептелген бойдон турат. Ал эми Балыкчы шайлоо округунда жаңыдан шайлоо дайындалууга тийиш.