Украинанын парламентинин төрагасы шайланды

Украинанын парламентинин спикерлигине Социалисттик партиянын лидери Александр Мороз шайланды. Анын талапкерлигин социалисттерден сырткары коммунисттер жана Региондор партиясы колдоду. “Биздин Украинадан” шайланган депутаттар жана Юлия Тимошенконун блогу добуш берүүгө катышкан жок. Эми Социалисттик партиянын саясий кеңеши парламенттик көпчүлүктү түзүү үчүн кайсы партия, фракциялар менен коалиция түзөөрүн талкуулай баштайт.