Ал эми өкмөттүк аскерлер Багдаддын шийит мечитинде 20 кишини камакка алды. Бул тууралуу АКШнын армиясы билдирди. "Террористтик уюшманын башчысын" колго түшүрүү аракетинде коопсуздук күчтөрү Садрайн мечитин камоого алып, төрт сааттан кийин ичине киришкен. Ок атылган жок. Колго түшкөндөр кимдер экендиги айтыла элек.