Газа секторунда Израилдин аскердик операциясы улантылууда

Израилдин авиациясы Газа шаарына жакын жерлерге аба соккуларын улантууда. Маалыматтарга караганда, бир палестин мерт кетип, ондогон адам, алардын ичинде 8-жашар кыз жараат алды. Израиль палестин козголоңчулары тарабынан туткунга алынган жөөт аскери бошотулмайынча, аскердик операцияны улантаарын экертүүдө.