Германиянын мамлекеттик министри Кыргызстанда

Бүгүн өкмөт үйүндө Германиянын мамлекеттик министри Гернорт Эрлер менен президент Курманбек Бакиев, премьер-министр Феликс Кулов жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда кыргыз-немис, ошондой эле Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосунда кызматташуу маселелери талкууланды.