Босниялык серб Марко Боскич айыптуу деп табылды

АКШнын соту өлкөдөгү эмигрант, босниялык серб Марко Боскичти 1995-жылы Сребреницада массалык түрдө мусулмандардын өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деп тапты. Прокуратура органдарынын маалыматтары боюнча Марко Боскич 1200 адамды өлтүрүүгө катышы бар экендигин моюнга алды. Бул кылмыштар боюнча сот өкүмү жакында чыгарылат.

Азиза Турдуева, Прага