АРАК ИЧИП АЛЫП АВТОУНАА БАШКАРГАНДАР КӨБӨЙҮҮДӨ

Бакыт Орунбеков, Бишкек Кыргызстанда жол кырсыгы жылдан жылга көбөйүүдө. Мындай абалга автомашиналардын көбөйүшү, жолдордун начарлыгы, айдоочулардын жол эрежелерин сактабай жана мас абалында башкаргандары себеп болууда. Экинчиден, мамлекеттик автоинспекция кызматкерлери кырдаалды ойдогудай көзөмөлгө албай, коррупциялашып кеткени менен түшүндүрүлүп келет.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда автокырсыктардын саны 13 пайызга көбөйгөн. Жол кырсыгынан өлгөндөрдүн саны 24 пайызга, жабыркап жаарат алгандардын саны 14 пайызга жогорулаган. Жол кырсыгынын көпчүлүк бөлүгу Бишкек, Ош шаарларында катталууда. Анын себебин автомашиналардын көптүгү жана жол эрежелеринин сактабай, мас абалында автоунаа башкарган айдоочулар көбөйгөнү менен түшүндүрүшөт автоинспекция кызматкерлери:

- Шопурлардын арасында ичип алып, жол эрежелерин бузуп айдагандан ушундай жол кырсыктары болуп жатат,- дейт Бишкек шаардык МАИ кызматкери, старшина Элкандиев Акылбек.


Айдоочу Молдалиев Сатыбалды 20 жылдан бери автомашина айдайт. Анча-мынча МАИ кызматкерлеринен эскертүү алганы болбосо жол кырсыгына кабылбай айдап жүргөнүн, жол эрежелерин сактоо гана кырсыкты алдын ала тургандыгын айтат:

- ГАИге правила бузуп көп кармалбайм, аткени эреже бузбайм.




Борбор шаар тургундары акыркы жылдары Бишкек шаарында машиналар көп болуп, кичи автобустардан жол тийбегендигине нааразы. Жол кырсыгынын дагы бир себеби айдоочу күбөлүктөрун сатып алып эле башкарып жүргөндөр көп экендигин белгилешип, мында МАИ кызматкерлери, автоокуу комбинаттары коррупциялашып кеткендерин сынга алышат.

Атыр деген жөнөкөй жүргүнчү азыркы жол эрежелерин көбүнчө жаштар буза турганын баамдаган, ата-энелеринин акчаларына сатып алган автомашиналарын күнү-түнү куушуп айдашып, эч кимди тоотпой жүргөндөрүнөн жол кырсыгына кабылып жатышат деп эсептейт:

- Азыр жаштар эне-аталарынын акчаларына таянып алышып, машинени, айдоочу күбөлүктү да сатып алышып, кызыл күйүп турса да өтүшүп, ошолор эрежелерди бузуп жатышат да.


Айдоочу Рысбек да жол эрежелерин көбүнчө жаш айдоочулар бузуп жатканын кошумчалады, МАИ кызматкерлеринин эскертүүлөрүнө баш ийбей, жогорку кызматта иштеген адамдардын аты-жөнүн айтышып, визиткаларын көргөзүп, кутулуп кеткен жагдайларды көп жолу көргөнүн божурады:

- Демейде эреже бузуп сүзүшкөндөрдүн көпчүлүгү жаш балдар, эч кимге баш ийбейт, гаилер токтотсо жогору жакта отурган чоңдордун визиткаларын көргөзүп коюп кете беришет.

Жергиликтүү эксперттер республикадагы автокырсыктарды азайтуунун негизги жолу – өлкөдөгү жол саясатын иштеп чыгуу, МАИ тармагында толук реформа жүргүзүү, жолго, автоунаага байланышкан мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана чет өлкөлөрдөн келип жаткан автооунааларга мыйзамдуу негизде чек кою керек экендигин эскертип келатышат.