БИШКЕК. Карабалта тоо-кен комбинатынын мамлекеттик акциясын менчиктештирүү маселеси бүгүн кыргыз өкмөтүнүн жыйынында талкууланганы жатат. Бул комбинаттын 72,28% акциясы мамлекетке таандык болуп саналат. Ушул эле отурумда өкмөт Каракечеге ТЭЦ куруу маселесин да талкууламакчы.