Ошто президенттин коомдук кабылдамасы иштейт

БИШКЕК. Өлкө башчысы Курманбек Бакиев Ош шаарында президенттин коомдук кабылдамасынын бөлүмүн ачууну жактырып, ага ар тараптуу жардам көрсөтөөрүн 17-июлда коомдук башталыштагы кеңешчиси Мирхажеддин Сиражидиновду кабыл алганда билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Коомдук кабылдаманын Оштогу бөлүмү 1-июндан баштап иштөөдө. Ал түштүк аймагындагы элдин көйгөйлөрүн президентке түз жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, дейт Сиражидинов.