Медициналык жабдуулардан салыктар алынып салынды

БИШКЕК. Өкмөттүн 18-июлдагы токтомуна ылайык өлкө аймагына алынып келинүүчү медициналык жабдыктардан кошумча нарк салыгы алынып салынды. Маалыматтарга караганда, Кыргызстандагы диагностикалык жана физиотерапиялык жабдуулардын 90-95 пайызы, операциялык бөлмөлөрдөгү медициналык жабдуулардын 100 пайызы иштөө мөөнтүнөн өтүп кеткен. Талапка ылайык медициналык жабдуулар жоктугунан жылына 40 жаштан 50 жашка чейинки 18 миң адам жүрөк оорусунан каза болушат.