Улуттук гвардиянын ардагерлер ассоциациясы түзүлөт

БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин түштүк тарабындагы “Жоокер эрдиги” мемориалдык комплексинде улуттук гвардиянын түзүлгөндүгүнүн 14 жылдыгына арналган салтанат өткөрүлөт. Аземге Баткен окуясынын катышуучулары, жоокер-интернационалисттер, Улуттук гвардиянын ардагерлери катышып, алты жоокерге “Согуш ардагери” деген медаль тапшырылат.