Ливандын премьер-министри Фуад Синиоранын маалыматы боюнча акыркы 8 күндүн ичинде өлкөдө 300гө жакын адам набыт болуп, миңден ашууну жараат алды. Израиль тарабынан Ливанга карата аскердик операция башталгандан бери 100 миңден ашуун адам үй-жайларын таштап качууга мажбур болду. Алардын көпчүлүгү Сириянын аймагына өтүп жатат. Ливандын түштүгүндө жөөт аскерлери менен “Хезболланын” ортосунда куралдуу кагылышуулар орун алып жатат.