Иран уранды байытууну көздөөдө

Тегеран уранды байытуу боюнча иштерин улантууну көздөөдө. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча Жогорку Кеңеши расмий билдирүү жасады. Аталган кеңеш ошону менен бирге Тегеран 22-августка чейин Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчө-өлкөлөрүнүн Ирандын өзөктүк маселесин жөнгө салуу боюнча сунуштарына карата жообун билдирерин маалымдады.