Эксперттер Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүгүн иликтөөдө

БИШКЕК. КМШ жана Балтика мамлекеттериндеги ишкерлик жана инвестиция боюнча орусиялык фонддун эксперттери 24-июлда Бишкекте өнөр жай, соода жана туризм министри Медетбек Керимкулов менен жолугушту. Эксперттер Москва мэри Юрий Лужковдун июнь айындагы сапары учурунда жетишилген экономикалык келишимдерди аткаруунун жолдорун аныктоо максатында келишкен. Алар өкмөт башчысы, министрлер менен жолугушуп, жалпы экономикалык абалды да иликтемекчи. Бул тууралуу өнөр жай, соода жана туризм министрлигинен кабарлашты.