Ректорлукка талапкерлердин соту 8-августка которулду

БИШКЕК. Бүгүн Биринчи май райондук соту Кыргыз Улуттук университетинин ректорлугуна талапкерлердин тобунун арызын карап, бирок тийиштүү документтердин жетишпегендигине байланыштуу ишти кароону 8-августка которуп койду. Ректорлукка бир катар талапкерлер ректордун милдетин аткаруучу Ырысбек Өмүрканов шайлоо кампаниясы учурунда кызмат абалынан пайдаланууда деп, аны өнөктүк учурунда кызматтан четтетүүнү талап кылууда.