Кубанын президенти саламаттыгы бир калыпта экенин жарыялады

Сексен жаштагы Фидель Кастронун билдирүүсү бүгүн улуттук телеканалдан окулду. Мунун алдында Куба парламентинин төрагасы Рикардо Аларкон Кастронун "акыркы мүнөттөрүнө али алыс" деп билдирген эле. Ичегисине жасалган операциядан улам Кастро өзүнүн бийлигин убактысынча 75 жаштагы ининси Рауль Кастрого өткөрүп бергени кечээ белгилүү болгон. Фидель Кастро Кубаны 1959-жылдан бери башкарат.